www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө көлдү сүзүп өтүүгө чыккан 15 спортчунун бири дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар бүгүн, 6-августта саат 13:00 чамасында Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылын карай 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыгышкан.

Сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, 1 спортчу дайынсыз болууда. Кырсык катталган көл ортосунда издөө иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылды. Учурда чөккөн спортчунун аты-жөнү такталууда.

Кошумча маалымат берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости