www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Калдарбек агай, жүрөк кан тамыр оорулары адам өмүрүн жалмап келет. Мамлекет колго албаса, жүрөккө стент коюу бүгүн чоң көйгөйгө айланыптыр...

- Дүйнө жүзүндө бейтаптардын өлүмүнүн 50%дан ашык себеби жүрөк кан тамыр оорулары болуп эсептелет. Бирок убагында медициналык жардам болсо, алардын жарымынан көбүнүн өмүрүн сактоого азыркы медицинанын мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн биринчиден, врачтардын карамагында, жок дегенде облустук борборлордо, шаарларда кымбат баалуу жогорку технологиялык жүрөктү текшерип дарылаган рентгенангиографиялык системалар болуш керек.

Экинчиден, оору пайда болгондон бир-эки саат өткөзбөй бейтапты коронарографиялык текшерүүдөн өткөрүп, стент коюп, же кан тамыр улоо операциясын жасап үлгүргөнгө ылайык шарт, сааттай так иштеген кардиологиялык уюштуруу иштери болуш керек. Тилеке каршы, биздин өлкөдө алар жок, аларды жасоого толук мүмкүнчүлүк жетишпейт.

Менчик кардиоборборлордо ал шарт бар, жакшы, бирок каржы көйгөйүнөн улам баардык эле бейтаптар ал жерлерден жардам ала алышпайт. Ал эми 7 миллион Кыргызстан үчүн талапка ылайык болгон 35 борбордун ордуна азыр араң эле мамлекеттик беш клиника иштейт. Анысы аз келгенсип, ал араң иштеп жаткан мамлекеттик борборлордо стент коюу же аортокоронардык шунт коюу операцияларын жасоо үчүн керектүү кымбат баалуу жабдыктар жана негизгиси, бир жолу керектелүүчү кымбат баалуу каражаттар, материалдар жокко эсе. Болсо да өтө аз санда мамлекет тарабынан алып берилет.

Мисалы, 2017-жылга чейин аз да болсо бюджеттик жогорку технология фонду аркылуу операцияга керектелчү жасалма жүрөк клапаны, оксигенатор, кардиостимулятор, коронардык стенттер жана башкалар алынып берилип турган болсо, акыркы жылдарда дээрлик эч нерсе алып берилген жок. Ошол эле кезде он миңдеген жарандар стент койдурууга жана операция жасатып, өмүрүн сактоого муктаж.

Ошол себептен, азыркы учурда мамлекеттик ооруканага түшкөн бейтаптар өз каражатына аптекалардан, фирмалардан керектүү материалдарды өздөрү сатып алышат. Эгер ошол материалдарды алып келген фирма же аптека ал шаарда, аймакта жайгашса жакшы, баасын айтпаганда да материалдарды алып келе алса дурус. Болбой калышы, алып келе албай калуусу да мүмкүн.

- Анда бейтаптын, жардам берүүгө дилгир врачтарды кандай элестетебиз?

- Ал жөнүндө врач менен бейтаптан башкалардын башы оорубайт. Анан кээ бир жооптуу чиновниктер ооз көптүрүп, “стенттердин баасын түшүрөм, врачтарды тизгиндейм” деп чыгышат. Бирок андай жол менен бааларды түшүрүү же маанилүү кардиологиялык кызматты элге жеткиликтүү кылуу мүмкүн эмес. Ал маселе азыркы шартта бир эле жол менен чечилет: качан гана мамлекет ошол жүрөккө жасалчу кымбат операцияларды өзү толук каржылоого алганда, баасы кымбат каражаттарды, стенттерди сатып бергенде гана чечилет. Ошондо баалар түшөт. Фирмалар, аптекалар, менчик ооруканалар да аргасыз стенттеринин, операцияларынын бааларын төмөндөтүшөт. Андай тажрыйба Казакстанда, Россияда бар. Аны мен медицинаны реформалоо боюнча өз программамда он жылдан бери какшап айтып келатам.

Уккан, маани берген адам жок. Ошондуктан биздеги жүрөк оорулуулар, тилеке каршы, стент койдуруу, жүрөккө операция жасатыш үчүн дээрлик баарын өздөрү каржылашат. Өкүнүчтүүсү, көп учурда бейтап каражат жоктугунан стент койдурбай же операция жасатпай койгон учурлар көп. Жыйынтыгы, аргасыз өкүнүчтүү өлүм менен аяктайт.

А биз, ошолорду көрүп, билип турган врачтар кандай акыбалда болорубузду айтпай эле коёюн. Ооруган адамды аман алып калууга толук мүмкүнчүлүк болсо да, мамлекеттин же бейтаптын каржы мүмкүнчүлүгү жоктугунан жардам бере албай, өкүнүп отуруп калабыз. Жаман жери, эл, чиновниктер, кээ бир журналисттер да ушул мен айткан жагдайлардан кабары жоктугунан врачтарды эле күнөөлөй беришет.

Албетте, мамлекет тарабынан 2 жашка чейинки балдарга толук акысыз жана 70 жаштан улууларга операцияга өкмөт тарабынан жеңилдиктер каралган. Аларга биз акысыз жана жеңилдетилген прейскурантта жардам беребиз. Бирок, 90% жүрөк оорулуу бейтаптар жаш, орто жаш, же болбосо иштерман курагындагы жарандар.

Ошондуктан жүрөк ооруларынын, сиз айткан жүрөк стенттеринин, операцияларынын тегерегиндеги көйгөйлөрдү чечүү врачтардын эле эмес, толук өкмөттүн колундагы маселе.

Булак: Азия News гезити

Последние новости