www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликке келген ар бир жаңы өкмөт жана жаңы президент – мына, эми коррупцияга каршы чыныгы күрөш башталат дейт, бирок коррупция жылдан-жылга күчөп жана кеңейип гана баратат. Мындай пикирин "Коррупцияга каршы элдик көзөмөл" бирикмесинин төрагасы Камил Умаров NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--"Акыркы 3 президентти мисал келтирейин. "Биз коррупцияны жок кылбасак, анда мамлекет жок болуп кетет", - деп Атамбаев айткан. Ал эми Жээнбеков болсо, "Коррупция тамырын биз ойлогондон да терең жайып алды", - деген. Учурдагы президент Садыр Нургожоевич болсо "Коррупциянын жайылышына жана бюрократияга жол бербейбиз", - деп айтып келет.

Бирок, жылдан-жылга коррупция жоюлбай эле күчөп баратат жана аны менен күрөшүү кыйын болууда.

Мисалы, Сокулук районунун бир эле Ново-Павловка айыл өкмөтүн алып көрөлү – жергиликтүү депутаттар бир нече жолу айыл өкмөтүн жоопко тартыш керек деген токтом чыгарса дагы, аким, прокурор, милиция жана соттор аны аткарбай койду, ал эми коррупция тууралуу айтып келген Дарика Абдыкадырова камалып чыкты, президент Садыр Жапаров айткан 441-токтомдун болсо изи да жок...", - деп билдирди Камил Умаров. 

Маекти толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар:

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости