www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай армиясы дагы бир ири машыгуусун баштады

Кытай армиясы Сары деңиздин түштүк жээгинде дагы бир ири машыгуусун баштаганын RT жазды.

Өлкөнүн Деңиз коопсуздугу башкармалыгынын маалыматы боюнча окуулар 6-15-август күндөрүнө белгиленген.

Эскерте кетсек, Кытай АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайбэйге келип кетишинен кийин Тайвандын айланасында ок атуу менен коштолгон машыгуусун 4-августта баштаган.

Пелоси Тайванга Азия турнесинин алкагында шейшемби күнү кечинде келген. Эртеси жергиликтүү администрация жетекчиси Цай Инвэнь менен жолугуп, андан ары Кореяга бет алган. Бул АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери тарабынан 1997-жылдан берки Тайванга жасалган биринчи сапар болду.

Кытай Тайванды өзүнүн провинциясы катары эсептеп, дипломатиялык мамилеси бар өлкөлөрдүн Тайбэй менен кандайдыр бир байланыш түзүүсүнө каршы чыгып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости