www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл областында мурда жеке менчикке берилип кеткен 3 бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында Ысык-Кѳл областынын прокуратура органдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жалпы баасы 35 млн 610 миң сомго бааланган 3 бала бакча жана жалпы аянты 5 764 чарчы метр болгон жер тилкелери менен биргеликте муниципалдык менчикке кайтарылды.

Алар Ак-Суу районунун Ак-Булун айылындагы 26 млн 10 миң сомго бааланган “Балажан” бала бакчасы, Тоӊ районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Арчалы айылындагы 2 млн 200 миң сомго бааланган бала бакча, ошондой эле, Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылында жайгашкан 7 млн 400 миң сомго бааланган “Киров” атындагы бала бакча мамлекеттин балансына толук алынды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости