www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жайдын аптаптуу күндөрү ажал Эсенбайды көздөй токсонду оодарган уулу Келдибекти жетелеп кеткен. Токсондон ашкан Эсенбайдын согуш жаңы башталганда ичер суусу түгөнгөн. Алдыны көрө билген Эсенбай ал кезде түгөл балдарына, ошондо ал жарыктык айткан экен: «Бул согуш узак болот, балдарым мен аркы дүйнөгө кеткенде барыңар чогуу турасыңар, ашымды кошо бергиле» деп. Эсенбайдын көзү өткөн соң, кыргыздын ырымын жасайт, ал киши айтты эле деп ашын да кийинкиге калтырбайт. Туура кылыптыр, кийинки жылы Эсенбайдын балдары, баш көтөргөн неберелери бүт согушка кетип, ныпым киши калбаптыр. Балдарынан Келдибек гана үч сутка талаада калып, айылга кара кагаз жибертип, бирок жаралуу жалгыз кайтып келди. Аягы 1960-жылдары токсондон өткөн энеси Сүйүндү аркы дүйнөгө узатты. Ал кезде башкарма атам айтып калчу: «Эл көп жүнүн жейт, биягы Бекдөөлөттүкүнө, ылдый жагы Кермакундукуна чейин киришип, балдар (1930-1940-жылдары төрөлгөндөр) батпай калышыптыр. Нааразы болуп кетпесин деп барып мүчөгө тийген акчадан берип: «Балдар көрүп жатасыңар, куран окун койгула» -дегенин айтып калчу. Атамдын көзү өткөндө да он төрт баласы бар, кутман карыяга эл көп чогулду. Андан кийин апам кайтыш болгондо да. Экөө тең Кара-Сууга коюлду.
Атам дайыма айтчу, балдарым мени кайтарып үшүбөсүн деп, ичиктер болор эле атам сүйүнө турган, ичик кийип алышып балдарым да үшүбөйт деп. Кийин сексен-токсонду аркалаганда жай келгенде эле, мен кете берсем болот дечү эле, кайра кыш түшкөндө жазга эптеп чыдайынчы деп калчу. Мен Бос-Бөлтөктө жашап калдым. Атам сүйүнө турган биздин ата-бабалар ушул жерде жашаган деп. Бермет, Шербет эжекелер, Дамир байкелердин жаны үзүлүп ушул жерге коюлду. Атама жаңы ой туулду, ушул балдарыма тээк болуп турайын, мени Бос-Бөлтөккө эле коюп койгула, дөңгө жатып алып карап турам деп калчу жарыктык. Айдарбек деген Байыттын чөбүрөсү бар эле кайтыш болуп калды, ошол айтчу: «Чоң атаман биз сурамак белек, өлүп калса мени бул жерге кой деп талашмак беле. Ороп-чулгап алып Кочкорго алып кетебиз да» дей турган. Ал атаман мурда кетти. Айдарбек байке Байыттын чөбүрөсү, мен Эсенбайдын небереси кээде ал киши бапылдап бир нерселерди сүйлөп келгенде, «Байке башта оорутпаңызчы тигине сиз сүйлөшө турган балдар бешикте жатат. Мен сиздин атаңыз Бейшенбек менен сүйлөшө турган кишимин» деп койсом, Гүлайга барып арызданып жибере турган.
Жакында атам 100 жашка толду. Темирлан атамдын сүрөттөрүн чогултуп жакшы видео жасаптыр. Андан башкасы атамдын 100 жылдыгы супсак болуп калгандай. Супсак болсо супсак болсун, атамдын 100 жылдыгы бүтө элек. Мен «Эсенбай эсепчи» китебин жазып, Кыргызстандагы эң олуттуу «Назарньюс» деген маалыматтык порталдан чыгарып жатканыма бир жарым жыл болуп калды. Теңтуштар бар: «Сенин чоң атаң Эсенбай тууралуу жазгандарың бүттүбү?» -дешет. Мен күлдүм: «Эсенбайдын чилдеси араң бүттү, Эсенбай тууралуу маалыматтар эми башталат» деп. Атамдын 100 жылдыгы бүтө элек дегенимдин себеби, ал кишинин мааракесин дагы бир жыл алдыга жылдырышыбыз керек, ал эми анын атасы Эсенбайдын 175 жылдыгын бир жыл артка жылдырып эмки жылы ушул маалда Эсенбайдын 175 жылдыгы менен Келдибектин 100 жылдыгы деп куран окутушубуз керек. «Эсенбай эсепчи» китебин жазганыма көп, болгонун чогулуттум, апамдын көзү тирүү болчу. Келдибектин билерман кызы Бурул эжеке баш болуп, Рысбектин белдүү байбичеси Райкан төш болуп, жакшы китеп жазылып атыптыр, буюрса жардамыбыз болот дешкен. Мындайлар канча, буюрса ушулардын барын чогултсак Эсенбайдын 175 жылдыгы менен Келдибектин 100 жылдыгы «чай» проблемасы чечилет. «Пай» проблемасы боюнча Эсенбайдын жиниккен, колунан бары келген Замирбек деген небереси, саяк-паяктын барын эле китепке чыгарып атат. «Астрономия», «Мекен Таануу» деген китептерге кыргыз эсепчилери тууралуу кошуп, Эсенбай эсепчинин атын кошуш керек. Учурда улуттук астрономияны жакшы билген байыркы кыргыздарды кошуу абдан зарыл. Андан тышкары ЮНЕСКОго тарыхий баалуулуктар мурасына эсепчилерди кийирүү мезгилдин талабы.
Эсенбайдын жолун жолдогондор тууралуу. Азыр метеорология өркүндөп турганда эртеңки күндө айтыш мааниси деле жок. Эсенбай уулу Келдибек атасынан көп нерсени билип калган. Мектептеги мугалимдер айтып калышчу: «Агай айтканы дал келет. Канча ирет жаан жааганы турат, десе жаан жаачу, кар жааганы калды десе кар жаай турган» дешип. Бир гана мисал илгери атам башкарма болуп турганда Каройдо эгин сээп жаткандарга келип: «Эртелегиле түшкө чейин себилгендер бышат, түштөн кийин себилгендер бышпай калат» дейт. Ушул атасы Эсенбайдай билет бекен деп сынашып Момуш аттуу аксакал бар экен, ошол киши чек коюп койот. Чындыгы атам айткандай болуптур. Эсенбай да учурунда ушундайларды айткан.
Эсенбайдын неберелеринин ичинен Акылбек санжырачы, Сиезбек, Замирбек, Дамирбек эсепти мыкты өздөштүргөн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»