www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө окуучуларды бир катар мал уурулукка тарткан дене тарбия мугалими кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү Ак-Суу райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз адамдар малын уурдоого аракет көргөндүгүн билдирген. Ал арызында 5-июндан 6-июнга караган түнү сарайынан белгисиз адамдар кочкорду уурдап баратканын байкап, үн чыгарып кыйкырганда уурулар малды таштап, белгисиз тарапка изин жашырып кеткенин билдирген. Арыз ээси буга чейин 4 баш кой уурдалганын кошумчалаган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө жасалган уурулук беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан мал уурулука тиешестиги бар жарандардын өздүктөрү аныкталган. Алар Отрадное айылынын 25 жаштагы Б.Б, 18 жаштагы Д.С., 17 жаштагы Д.Э., Н.Т., К.Р., И.А. жана К.Р. аттуу тургундары болуп чыкты. Шектүүлөр айылдаштарына тиешелүү болгон 15 баш кой жана 3500 килограмм буудайды, үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап, июнь айына чейинки аралыкта уурдашканын толугу менен моюндарына алышкан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 25 жаштагы Б.Б. дене тарбия мугалими болуп иштеп, өзүнүн кылмыштуу максатын ишке ашыруу үчүн жогорку класстардын окуучуларын уурулукка тартканы аныкталган.

Алар уурдалган малды Түп айылындагы досуна сатып жиберишкен. Милиция кызматкерлери уурдалган малды сатып алган адамдын да өздүгүн аныктап, 3 баш кой далил катары алынган. Ал эми калган 12 баш койду Каракол шаарындагы мал базардан сатып жибергени белгилүү болгон.

Тергөө амалдары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости