www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаева президент Садыр Жапаровдун Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү боюнча айткан сөздөрүнө комментарий берди.

“Биринчиден, бизди жана Алмазбек Шаршеновичти колдогон акыркы митингдерге биздин эч кандай тиешебиз жок, эгер колдосок миңдеген адамдар чыкмак. Элдин пикирин айтууга тоскоол боло албайбыз. Экинчиден, менин жолдошум 2000-жылга чейин, президенттикке чейин эле абдан бай адам болгон. Ал "Киргизавтомаш", "Электровакуум", "Агромаш" сыяктуу эбегейсиз зор заводдорго ээ болгон. Айылда жана шаарда пансионат, ресторан, жада калса чач тарач, жер тилкелери болгон. Түркиянын Измириндеги бир гана ишканадан бир жылдын ичинде дээрлик 20 миллион доллар дивиденд алган. Бул фактылар, аны текшерсе болот", - дейт Атамбаева.

Ал Алмазбек Атамбаев менен 33 жылдан бери чогуу жүргөнүн, ошондуктан баарынан кабардар экенин билдирди. "Ушул мүлктү сатуудан түшкөн акчага Кой-Таш айылына там салса болбойт беле? Президент Жапаров аны кантип ууру деп атап жатат? Бул чындыкка дал келбейт. Ооба, үй-мүлкүн конфискациялоо менен Жогорку Соттун акыркы чечими быйыл өзү айткандай Сокенин эмес, президент Жапаровдун тушунда Башкы прокуратуранын нааразычылыгынан кийин чыккан. Ошол эле сот 2020-жылы бул өкүмдү мыйзамсыз деп жокко чыгарган", - деди ал.

Раиса Атамбаеванын айтымында, Кой-Таштагы үй ээсиз эмес, аны мурунку президенттин жакындары оңдоп, жашап жатышат.

"Жапаров Бакиевдин Бишкектеги үйүн да мамлекет тартып алганын айтып жатат. Билишибизче, Бакиевдин өзүнүн айылындагы кичи мекенинде үй-бүлөсү бар. Кошумчалай кетсек, анын үй-бүлөсүнүн Лондондо, Минск шаарында үйлөрү бар. Ал эми биздин Кой-Ташта бир эле үйүбүз бар. Бул Алмазбек Шаршеновичтин ата-бабаларынын жери. Анан да эртеби-кечпи боштондукка чыгат! Анан кайда барат?", - деп суроо салды Раиса Атамбаева.

Последние новости