www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө 27-мартта ири жол кырсыгы катталып, алты адам каза болду. Кырсык Ананьево жана Семенов айылдарынын ортосундагы жол тилкесинде болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кырсыктан 6 адам каза болуп, беш адам жаракат алган. Алардын үчөө ооруканага жаткырылган, эки жашар бала оор абалда жандандыруу бөлүмүндө экендиги айтылды.

Ал эми, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 27-мартта саат 15:00дөр чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда болгон. Батыштан чыгышты көздөй бараткан “Мерседес-Бенц Е420” автоунаасынын айдоочусу жолдун сол тарабынан бурулуп чыккан “Фольксваген-Пассат” автоунаасынан качып, карама-каршы тилкеде келаткан “Ренаулд-Самсунг SМ6” автоунаасын сүзгөн.

Натыйжада, “Мерседес-Бенц Е420” жана “Ренаулд-Самсунг SМ6” автоунааларынын айдоочулары окуя болгон жерден каза тапкан.

Окуя Ысык-Көл РИИБге катталып, тергөө кызматы тарабынан эксперизалар дайындалып, тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Последние новости