www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Сары-Жаз дарыясына курулган эки көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Көпүрөлөр Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан курулган. Салтанаттуу иш-чарага Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.
«Зайнулин» жана «Ак-Үңкүр» аталышындагы көпүрөлөр металл конструкциядан курулган. Алар 180 миң гектардан ашык жайыттарды натыйжалуу пайдаланууга, алыскы жайыттарга жетүүнү жеңилдетүүгө, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана аймактагы транспорттук каттамдардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Курулуш иштери 2025-жылы башталган. «Зайнулин» көпүрөсүнүн узундугу 76 метр болсо, «Ак-Үңкүр» көпүрөсүнүн узундугу 143 метрди түзөт.
Мындан тышкары, Сары-Жаз дарыясынын нугуна узундугу 32 жана 12 метр болгон дагы эки көпүрө курулуп жатат. Аларды октябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.