www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө мыйзамсыз диний үгүт иштерин жүргүзгөн 3 чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Ысык-Көл облустук ИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте "Слово божье" (Compel) диний кыймылынын мыйзамсыз диний-пропагандалык ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Тактап айтканда, тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл районундагы пансионаттардын биринин аймагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аккредитациясы жок, мыйзамсыз диний үгүт иштерин жүргүзүшкөн 3 чет өлкөлүк жаран кармалды.

Чет мамлекеттин аталган жарандарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.

Последние новости