www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө өткөн UIM F1H2O «Суудагы Формула-1» боюнча дүйнө чемпионатынын этабы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Жабылуу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.

Бир нече күнгө созулган мелдеште дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген мыкты пилоттор ылдамдык, чеберчилик жана тактык боюнча күч сынашты.

Жарыштар эл аралык стандарттарга ылайык уюштурулуп, миңдеген көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты.

Салтанаттын жүрүшүндө жеңүүчүлөр жана байге ээлери сыйланып, чемпионатты ийгиликтүү өткөрүүгө салым кошкон уюштуруучуларга, өнөктөштөргө жана тиешелүү кызматтарга ыраазычылык билдирилди.

UIM F1H2O дүйнө чемпионаты Кыргызстан үчүн эл аралык спорттук кызматташтыкты өнүктүрүүгө, суу-мотордук спортту жайылтууга жана өлкөнүн дүйнөлүк деңгээлдеги ири спорттук иш-чараларды өткөрүүгө даяр экенин дагы бир жолу көрсөтүүгө өбөлгө түздү.

Последние новости