www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев менен Өзбекстан Республикасынын Транспорт министри Илхом Махкамов Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун негизги курулуш объектилерин кыдырып, долбоордун ишке ашырылышы менен жеринен таанышышты.

Иш сапардын жүрүшүндө министрлер тоннелдердин, көпүрөлөрдүн жана башка инженердик курулмалардын курулуш иштерин көрүп чыгып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшүнө баа беришти.

Ошондой эле долбоордун учурдагы абалы, алдыдагы этаптары жана аны белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар курулуш иштерине тартылган адистер жана жооптуу кызматкерлер менен жолугушуп, курулуштун сапаты, аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар боюнча пикир алышты.

Учурда темир жолдун Кыргызстандын аймагындагы тилкесинде кеңири масштабдагы курулуш иштери уланууда.

Долбоордун алкагында тоннелдер, көпүрөлөр жана башка инженердик инфраструктуралык объектилер курулуп жатат.

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, логистикалык дараметин жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргызстандын эл аралык транспорттук коридордогу стратегиялык ролун бекемдөөгө багытталган ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат.

Последние новости