www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларга байланыштуу Чолпон-Ата шаарынан Тамчы айылына чейинки унаа жолдорунда чаңды басаңдатуу жана санитардык абалды жакшыртуу максатында түнкү убакта суу чачуу иштери жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чаранын алкагында жолдорго үзгүлтүксүз суу чачуу үчүн жалпы сегиз атайын техника тартылган.

Суу чачуу иштерин №7 Жол-эксплуатациялоо мекемеси водовоз атайын техникаларынын жардамы менен аткарууда.

Министрлик белгилегендей, жол инфраструктурасын талаптагыдай абалда кармоо жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды тийиштүү деңгээлде камсыздоо боюнча иштер улантылууда.

 

Последние новости