www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коргон болжол менен биздин заманга чейинки I-II кылымда курулган.

Жол курулуп жаткан Түп районунда адамдын сөөктөрү табылганын Sputnik агенттигине археологиялык изилдөө тобунун жетекчиси Орозбек Солтобаев билдирди.

Ал коргон учурда салынып жаткан Корумду — Балбай трассасынын жанында жайгашканын айтып берди. Аймактын тарыхый-маданий маанисин баалоо максатында 12-июлдан 3-августка чейин казуу иштери жүргүзүлгөн.

"Тегерек келген коргондун диаметри 30 метрге чукул. Жергиликтүү эл 1970-жылдары да археологиялык казуу иштери жүргөнүн айтты, бирок ким иштегени бегисиз, Илимдер академиясында да катталбаптыр. Бирок бул коргон археолог Дмитрий Винниктин илимий эмгектеринде кездешет. Коргондун ортосунда боз үй сымал таштан көтөрүлгөн курулма бар, кишинин сөөктөрүн ошол жактан таптык. Мындан тышкары, жылкынын сөөгү, 1958-жылы чыгарылган балта бар экен, аны баягы казуу иштери жүргөндө калтырып кетишсе керек. Коргондун түбүнөн керамикалык буюмдардын сыныктары табылган", — деди Солтобаев.

Ал коргон болжол менен биздин заманга чейинки I-II кылымда курулганын, тонолуп-каракталган деген да маалыматтар бар экенин айтып берди. Ушундай эле казуу иштери Казакстанда да жүргүзүлгөн.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости