www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров дагы деле Россиянын жараны, анын Франция жарандыгын алганы тууралуу Кремль кабардар эмес. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.

"Дуров дагы деле Россиянын жараны. Ал эми француз жарандыгын алганы боюнча биз эч нерсе билбейбиз. Ишибиз да жок. Зарыл болсо жана мүмкүнчүлүккө жараша Москва ага Россиянын башка жарандарындай эле жардам берүүгө даяр", — деди Песков журналисттерге.

Ал ошондой эле, эң башкысы, Францияда бул нерсе саясий куугунтукка айланып кетпеши керектигин белгиледи. Кремль Франциянын президенти Эммануэль Макрондун "саясат менен эч кандай байланышы жок" деп айтканын билет. Анткен менен Дуровго түрдүү айыптар тагылып жаткандыктан көз салуусун улантат.

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров 24-августта Париждин Ле Бурже аэропортунда кармалган. Франциянын прокуратурасы 28-августта билдиргендей, ишкер тергөө абагына киргизилген эмес, бирок ага республиканын аймагынан чыгууга тыюу салынган жана беш миллион евро күрөө төлөө милдеттендирилген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости