www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын Золинген шаарында адамдарга кол салынган окуяга байланыштуу кармалган 15 жаштагы бала кыргызстандык экени аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүмдүн кыргызстандык экенин Германиянын Башкы прокуратурасы тактаган. Ал 24-августта күбө катары кармалып, 25-августта кайра кое берилген. Учурда эркиндикте.

"Кыргызстандын элчилигине баланын өзүнөн жана туугандарынан укукгун коргоо жөнүндө өтүнмө түшкөн эмес", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 23-августта Золинген шаарында белгисиз адам фестивалдын катышуучуларына бычак менен кол салган. Натыйжада үч адам каза болуп, сегизи жаракат алган. Шектүү качып кетүүгө үлгүргөн, бирок кийин полиция кызматкерлерине багынып берген. Теги сириялык. Немец басылмалары 15 жаштагы кыргызстандык өспүрүм пландалган кол салуу тууралуу билсе да бул тууралуу эч кимге айткан эмес деп шектелип жатканын жазган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости