www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө Кызыл-Орук айылына жакын жерде эки адам каза болуп, 23 адам жабыркаган жол кырсыгына Mitsubishi үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу күнөөлүү. Ал рулда уктап калган. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Коопсуз шаардан” алынган маалымат менен окуянын чоо-жайын тактоо мүмкүн болду.
2-август күнү саат 16:00 Mitsubishi’нин айдоочусу 39 жаштагы Т.Т. Бишкектен Ысык-Көл облусуна чыгып, 3-августка караган түнү саат 2:12 борборго калаага кайтып келген.
Саат 4:42де Бишкек шаарынан кайра Ысык-Көл облусуна жөнөп кеткен.
Эртең менен саат 7.20да Кызыл-Орук жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда рулда уктап калып, каршы тилкеге чыгып кетип, Чолпон-Атадан Бишкекке бараткан 18 жүргүнчүсү бар Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус менен сүзүшкөн.
Эске салсак, 3-август күнү саат 07:40 чамаларында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 24 км Mercedes-Benz Sprinter жана Mitsubishi үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен жалпы 23 адам жабыркап. 3 адам ар кандай жаракаты менен Балыкчы шаарынын оруканасына жеткирилген. Эки адам окуя болгон жерде мерт кеткен.
Булак: NazarNews.kg