www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандыктар кыргыз бийлигине кайрылышты

Ош шаарындагы таксисттердин жоруктары боюнча Өзбекстандын айрым жарандары Кыргызстандын бийлигине арызданышты.

2-августта Telegram каналдарына тараган кайрылууда Орусиядан Ошко келген Өзбекстандын жарандарын таксисттер күч менен унаага отургузуп, чек арага чейинки 5-6 чакырым жерге ар бир кишиден 500 сомдон алып жатканы айтылат.

Авиабилеттин арзандыгынан Өзбекстандын жарандарынын көбү Орусияга учуп же ал жактан мекенине Ош шаары аркылуу кайтып келишет.

Өткөн жылы коңшу өлкөнүн айрым жарандары чек арадан өтүүдө Кыргызстандын аскер кызматкерлери акча талап кылып жатканын айтып, Кыргызстандын бийлигине кайрылышкан. Чек ара кызматы буга жооп катары мындай фактылар тастыкталбаганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости