www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдөн 131 900 метр браконьердик тор чыгарылды

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу жана биологиялык ресурстарды сактоо максатында акваторияны эски браконьерлик торлордон жана ар кандай таштандылардан тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

2026-жылдын май айынын жыйынтыгы боюнча көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 131 900 метрди түзгөн эски синтетикалык браконьерлик торлор чыгарылып, мыйзамда белгиленген тартипте утилдештирилди.

Тактап айтканда, алынган торлор таштандыны кайра иштетүүчү заводго жеткирилип, утилизацияланды.

Мындан тышкары, суу алдындагы жана жээк тилкелериндеги ар кандай калдыктарды тазалоо иштери да жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» №131 Жарлыгынын жана «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө» №172 Жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.

Туристтик-экологиялык милиция кызматы мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөштү күчөтүү менен катар көлдүн экологиялык тазалыгын сактоо багытындагы профилактикалык, түшүндүрүү жана рейддик иш-чараларды мындан ары да улантат.

Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоо — мамлекеттик органдардын гана эмес, ар бир жарандын жалпы жоопкерчилиги.

Ушуга байланыштуу жарандар мыйзам талаптарын так сактоого, жаратылышка аяр мамиле кылууга жана көлдүн тазалыгын сактоого өз салымдарын кошууга чакырылат.

Последние новости