www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз коюлган синтетикалык торлорду аныктоо жана алып чыгуу боюнча үч күндүк рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери 11–13-август күндөрү көлдүн акваториясын текшеришти.

Рейддин жүрүшүндө 11-августта 2300 метр эски синтетикалык тор жана 50 кг таштанды, 12-августта 2000 метр тор жана 40 кг таштанды, ал эми 13-августта 2500 метр тор жана 50 кг таштанды чыгарылды.

Жыйынтыгында үч күндүн ичинде көлдөн жалпы 6800 метр эски синтетикалык тор жана 140 кг таштанды алынган.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери, жети айдын ичинде Ысык-Көлдүн акваториясынан 24 300 метр синтетикалык тор жана 650 кг таштанды чыгарылган.

Рейддик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Иш-чаралар көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана мыйзамсыз балык уулоонун кесепеттерин азайтууга багытталган.

Министрликтин маалыматына караганда, Ысык-Көлдүн экосистемасын жана биологиялык ресурстарын коргоо боюнча рейддер мындан ары да туруктуу негизде улантылат.

Последние новости