www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде Кыргызстандын тышкы карызы жана Кытайга болгон карыз тууралуу суроого жооп берди.

Мамлекет башчысынын айтымында, 2020-жылга чейин Кыргызстандын жалпы ички жана тышкы карызы 5 млрд долларды түзүп, ИДПга карата 70 пайыз болгон. Анын ичинен тышкы карыз 4 млрд 217 млн доллар, ички карыз 708 млн долларды түзгөн.

2026-жылы өлкөнүн жалпы карызы 10 млрд долларга жеткени менен, анын ИДПга карата көлөмү 37 пайызга чейин төмөндөгөн. Тышкы карыз 5 млрд 200 млн доллар, ички карыз 4 млрд 800 млн долларды түзөт. Жапаров тышкы карыз акыркы жылдары болгону 1 млрд долларга өскөнүн белгиледи.

Президент акыркы беш жылда Кыргызстан Кытайдан жаңы карыз албаганын, тескерисинче, Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына болгон карыздын 500 млн долларын төлөгөнүн айтты. 2020-жылга чейин Кытайдын Эксимбанкына 1 млрд 800 млн доллар карыз болсо, азыр анын көлөмү 1 млрд 300 млн долларды түзөт. Бул карызды 2035-жылга чейин толук жабуу пландалууда.

Жапаров учурда насыялар өзүн-өзү актаган завод, фабрика жана ири долбоорлорго багытталып жатканын билдирди. Мисал катары «Камбар-Ата-1» ГЭСин келтирип, долбоор ишке киргенден кийин түшкөн киреше насыяны жабууга жумшаларын айтты.

Ошондой эле президент Кыргызстандын карызы ИДПнын 50 пайызынан ашпашы керек деген тапшырма бергенин белгиледи.

Последние новости