www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарында жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жараткан автоээнбаштык аракеттер тартылган видеолор социалдык тармактарда тараган.
Бул факты боюнча Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖКККБ) кызматкерлери видеодогу автоунааларды аныктап, алардын айдоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ошондой эле жол эрежелерин одоно бузуулардын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында айдоочуларга мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү.
ЖКККБ жол кыймылынын бардык катышуучуларын эрежелерди так сактоого, жолдо жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана башка жарандардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаратуучу аракеттерге жол бербөөгө чакырды.