www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдыда өтө турган мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу 29-августтан 6-сентябрга чейин милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мезгилде коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат.
Ошондой эле Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым жол тилкелеринде убактылуу чектөөлөр киргизилип, транспорт каражаттарынын кыймылы мезгил-мезгили менен жабылышы мүмкүн.
ИИМ тургундарды жана айдоочуларды киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды. Жол тыгындарынын алдын алуу үчүн каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүнчүлүк болсо сапарларды убактылуу кийинкиге жылдыруу сунушталды.
Мындан тышкары, айдоочулардан жол кыймылын жөнгө салып жаткан милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын так сактоо өтүнүлдү.
ИИМдин басма сөз кызматы