www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жашы жете элек кыздын алтын сөйкөлөрүн ачык түрдө тартып алган деп шектелген кыз кармалды. Баасы 40 миң сом турган зер буюмдар милиция кызматкерлери тарабынан табылып, алынган.

Бишкек ШИИББинин маалыматына ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 2005-жылы туулган С.Т. аттуу жаран аныкталган. Ал Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси («Тоноо») менен кылмыш иши козголгон.

Маалыматка караганда, кармалган кыз уурдалган сөйкөлөрдү кайсы жерге сатканын көрсөткөн. Аларды сатып алган жарандар зер буюмдарды милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен өткөрүп беришкен. Сөйкөлөр иш боюнча далил зат катары алынган.

Ошондой эле кармалган кыздын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн экени аныкталган. Учурда милиция анын башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгын текшерүүдө.

Эске салсак, 13-августта Бишкектеги үйлөрдүн биринин короосунда белгисиз аял 8 жаштагы кызга жакындап, энесинин айтымында, анын кулагындагы баасы болжол менен 40 миң сом турган алтын сөйкөлөрүн жулуп алып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Последние новости