www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Кытай менен кызматташтык жана өлкөдөгү ири инфраструктуралык долбоорлор тууралуу пикирин билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, акыркы убакта коомдо Кытай темасынын айланасында ар кандай талкуулар жүрүп жатат.
Ал өлкөнүн өнүгүүсүнө каршы болгон ички жана тышкы күчтөр ири долбоорлордун ишке ашпай калышына кызыкдар экенин белгиледи.
«Кытайдан эмне жамандык көрдүк?» деген суроону койгон президент Кыргызстан коңшу мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга тийиш экенин айтты.
Жапаровдун белгилешинче, Кытай менен Кыргызстандын ортосунда талаштуу маселе жок. Ал эми Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ.
Президенттин айтымында, темир жол долбоору ишке ашса, Кыргызстан дүйнөлүк рынокторго чыгууга жаңы мүмкүнчүлүк алат. Буга чейин да Жапаров бул темир жол өлкөнү транспорттук туңгуюктан чыгарып, дүйнөлүк экономикага интеграцияланууга жол ачарын белгилеген.
«Темир жол бүтпөй калса, ар бир кыргыз өмүр бою арманда калат. Бул долбоор бүтсө, биз океанга чыгабыз», — деди президент.
Мамлекет башчысы башка өлкөлөр Кытай менен кызматташууга умтулуп жаткан шартта Кыргызстан мындай мүмкүнчүлүктөн баш тартпашы керектигин кошумчалады.