www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматы шаарында Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Эрлист Акунбеков менен Россиянын айыл чарба министри Оксана Луттун жолугушуусу өтүп, кыргыз-орус агрардык кызматташтыгынын негизги багыттары талкууланды.
Тараптар балык чарбасы, асыл тукум мал чарбачылыгы жана минералдык жер семирткичтерди жеткирүү маселелерине көңүл бурушту.
Кыргызстан Россиянын өзгөчө экономикалык аймагында суу биоресурстарын кармоого жыл сайын квота берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Бул сунуш балыкты кайра иштетүүнү жана өлкөдөгү аквакультура тармагын өнүктүрүүгө багытталган.
Эрлист Акунбеков зарыл жол-жоболор аяктап, сентябрь айында Санкт-Петербургда өтө турган балык өнөр жай форумунун алкагында тиешелүү протоколго кол коюуга үмүт артарын билдирди.
Ошондой эле Кыргызстан Россиядан 20 миң башка чейин асыл тукум бодо мал алып келүүгө жана майда жандыктар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Мындан тышкары, россиялык минералдык жер семирткичтердин көлөмүн көбөйтүү жана кыргызстандык дыйкандарды туруктуу камсыз кылуу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү маселеси талкууланды.
Тараптар конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.