www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасына барып, ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү жана 2026–2027-жылдардын күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Шаар мэрине ишкананын өндүрүштүк-экономикалык көрсөткүчтөрү, негизги жабдуулардын техникалык абалы, жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери жана алдыдагы жылытуу сезонуна даярдык боюнча маалымат берилди. Ошондой эле Айбек Джунушалиев өндүрүш объектилерин, отун менен камсыздоо маселелерин жана оңдоо иштеринин аткарылышын жеринде көрүп чыкты.
Иш сапардын алкагында көчмө кеңешме өткөрүлүп, ага мэрдин орун басары Нургазы Курманбеков, «Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасынын директору Нурлан Күлжигачев, башкы инженер Искандер Кокомбаев, «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын директору Улан Айтиев, «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын директору Уран Раимбеков жана Свердлов районунун акими Медербек Амангелдиев катышты.
Жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын жылуулук-энергетикалык комплексинин учурдагы абалы, жылытуу мезгилине даярдык, жылуулук жана электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү, ошондой эле коммуналдык инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл ЖЭБдин негизги энергетикалык жабдууларын оңдоого, отун базасын даярдоого, жылуулук тармактарынын техникалык абалына жана керектөөчүлөрдү сапаттуу жылуулук менен камсыз кылууга бурулду.
Жыйындын соңунда шаар мэри тиешелүү жетекчилерге күз-кыш мезгилине даярдык иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аяктоо, бардык энергетикалык жана жылуулук объектилеринин техникалык даярдыгын камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле шаар тургундарын жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн тиешелүү кызматтардын өз ара тыгыз жана координацияланган иш алып баруусунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары, жооптуу жетекчилерге даярдык иштеринин жүрүшүн туруктуу көзөмөлдөп, коюлган милдеттердин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.