www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне үчүн ошол кезде «Азаттык» бажынын башчысы Кулматовко алты ирет кайрылымыш болуп бир да жолу жооп ала алган эмес. Бул тууралуу Аксы окуясынын катышуучусу Ыктыяр Адылбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Урматтуу калыстыктан кайтпаган калың журтум. Кыргыздын жакшы сөздөрү эсиме түштү, ушул макаланы жазаарда…

Аш менен урганды, таш менен урба...

Мен бүгүн өз оюмдагы калыстыкты айтууга туура келди… анда сөз башынан болсун…

Райымбек деген аты ааламга угулган,

Дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыздан чыккан бир пенде, менин эсимде болгону Ушул Райымбек деген аттын чыкканына көп деле болбогондой… Тактап айтсак, Атамбаевдин бийлигинин учурунан бери эле белгилүү болгон ысым экен. Бул Райым деген ысымды элге таанытыштын эң эле негизги максаты. Атамбаевдин жана анын командасынын кылмыштуу иш аракеттерин жаап жашыруу болгону, айдан ачык экенин байкаса болот. Райымдын аркасынан түшкөн «Азаттыктын» кабарчысы бейиши болгур Улан Эгизбаевдин иликтөөсүндө. Райымбек Матраимовдун аты бир нече жолу аталып, ал эми ошол кездеги бажынын жетекчиси Кулматовдун аты аталбай калганында бакандай шек жаралат.

Эмне үчүн ошол кезде «Азаттык» бажынын башчысы Кулматовко алты ирет кайрылымыш болуп бир да жолу жооп ала алган эмес. Ал Эми Матраимовдун үй-бүлөсүн жеке мүлктөрүнө чейин видео роликтерди байма бай чыгарган. Себеби, Матраимов деген атты каралоо вазыйпасы бардай болгон. Болбосо эмне үчүн ушул күнгө чейин «Азаттык Кулматовтордун тууган, туушканына жана анын жакындарына таандык делген мүлктөрдү тизмектеп айтпайт. Атамбаевдин командасындагы жегичтердин тизмеси «азатыкка» айтылбай келгенине караганда «азаттык» Атамбаевдин кызыкчылыгын аткарат деген шек жаралат. Ал эми Атамбаевдин максаты өзү менен кызматташпай койгон. Буйругун укпай койгон Райымды каралап каматуу болгондой… «Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт» болуп Райымды жаман көргөн азаматтарга айтаарым:

Райымды алдап акчасын алды,

Кайра алып барып камап салды.

Аш ыргытса таш ыргытты

«Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ач өлөт» болбосо экен...

Райымды каматып батыштан тилемчилик кылабыз деген азаматтар силерге жол болсун...

«Чептен эрдин күчү бек...»

Өз азаматтарыбызды зынданга салып...

Бирөөнүн эшигин сагалагандарга ак жол болсун!», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости