www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө чет жакта жүрүп бир гана өз ишин алып барбастан мекендештерге ар тараптан колдоо көрсөтүп жардам берип келе жаткан жаштарыбыз, инсандарыбыз көп. Алардын бири Москва шаарында жеке ишкердүүлүктү аркалап келе жаткан Суранчиев Ыманбек Эсенбаевич аттуу кыргыздын мекенчил мырзасы. Бүгүнкү маек ушул инсан тууралуу болмокчу.
- Ыман мырза, айтсаңыз канча жылдан бери Орусияда иш алып барып келесиз?
- Бул жакта иш алып барып калганыма төрт жылдын жүзү болду. Бул жакта аскердик кызматты өтөп, окууну дагы аяктагам. Акырындап юридикалык компания ачып, учурда иштеп жатабыз. Акырындап колдон келген ишти аркалап, мекендештерибизге ар тараптан колдоо көрсөтүп жатабыз.
- Учурда чет жака агылып жаткан жаштар көп. Алар окууну бүтүп бүтпөй эле ишке кетип жатышат. Бул агым абдан коопту көрүнүш. Сиздин ойуңуз кандай сыртта жүрүп жакшы билинсе керек?
- Албетте бул абдан коопту көрүнүш. Бир гана жаштардын эмес мамлекеттин келечегине залакасы тийип жатат деп айта алам. Себеби, жаштар билимге умтулушпай эле. Көр оокаттын, акчанын артынан кетишип, материалдык баалуулукту биринчи орунга коюп алышты. Тескерисинче билим алууга умтулушса, толук кандуу тарбия алышса жакшы болмок деген ойдо калам. Себеби, учурда мектепти бүтүп бүтпөй эле, жашоого болгон терең көз караш жок эле жаштарыбыз, кыздарыбыз, эркектерибиз сыртка кетип жатышат. Ал эми сыртта, бөтөн мамлекетте жүрүүнүн дагы эрежелери болот аларды сактоо керек. Тилекке каршы маданиятты сактаган, улуттун баалуулугун даңктаган жаштарыбыз аз.
- Маданияттан, билимден аксаган жаштар көп дедиңиз. Мисалы?
- Азыркы тапта москва шаарында түрмөдө ар кандай кылмыштар менен жаткан жаштар көп. Ал гана эмес коомдук жайларда жөнөкөй маданияттуулукту кээде сактабай кетишет. Арасында бар мыкты жаштарыбыз. Эгерде мамлекетибизде билим берүү күч алып жакшы бир жолго коюлганда ошол жаштардын баары билимге умтулушуп, келечекке жакшы шарт түзүп алышмак. Ушундай көрүнүштөр кээде кооптондуруп, ойго салат. Кыргызстандын жаркын келечегин түзгөн жаштарыбыз үчүн бардык шарттар түзүлүп берилсе деген тилек.
- Кыргызстан кайсы тармакта өнүгүп бара жатат деп ойлойсуз?
- Кыгызстан учурда спорт тармагында алдыга озуп бара жатат. Бул абдан жакшы көрүнүш. Ар бир эгемендүү мамлекет өзүнүн нукура маданияты жана спорт чеберлери менен алдыда болоору бардыгына маалым. Анын сыңары спорт тармагы акыркы эки жыл ичинде жакшы калыпка келип, жакшы жолго салынып калды. Бул жакта Москвада спорт менен машыккан жигиттерибиз көп. Аларга ар тараптан колдоо көрсөтүп келебиз. Эми маданият тармагын алдыга жылдырып алсак мекенибиз бүткүл дүйнөгө атагы чыгат деп ишенем.
- Атайы ишкерлик кылып мекендештерибизге жардам көрсөтүп келебиз дедиңиздер. Кандай шартта, кандай жардам?
- Юридикалык компания болгондуктан бул тармакта бардык жактан жардам берип жатабыз. Андан сырткары каттоодон өтүү боюнча бир топ иштерди аткарып келебиз. Бир жыл ичинде алты жүзгө жакын мекендешибизди деппортациядан, кара тизмеден алып чыктык. Бул дагы чоң жетишкендик. Дагы айта турган нерсе бул жакта биздин мекендештерибиздин арасында ажырашуу деген чоң проблема бар. Ошол боюнча иш алып барып юридикалык, моралдык, психологиялык жактан кеңештерди берип келебиз. Ошондой эле өлүм-житим деген болот. Бул жактан колдон келген жардамды берип, финансылык, документтерди каттоо жактан колдоо көрсөтүп жатабыз. Алыста жүрүп жардамга муктаж мекендештерибизге колдон келип турганда жардам берип турсак бул биздин ынтымакта, биримдикте экендигибиздин белгиси. Биз сыяктуу жаштар көп. Ишиңиздерге ийгилик каалайм. Маегиңизге ырахмат.

Назира Бегим

Булак: NazarNews.kg

Последние новости