www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жылдын жай мезгилинде Бишкектеги "Арча-Бешик" конушундагы үйлөрдүн биринин дааратканасынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Кош бойлуу болуп калган келин жигитинен жаман кеп уккандан кийин ушул кадамга барганын айтууда. “2014- жылы турмушка чыккам, бир кыздуу болгондон кийин ажырашып кеттим. 2016-жылы Кочкордо официантка болуп иштеп жүрүп бир жигит менен таанышып калдым. Жолугушуп жүрүп, бир күн кош бойлуу экенимди билдим. Жигитиме айтсам, аборт жасат деп койду. Ошол эле күнү ичим ооруп дааратканага бардым. Баланын башы көрүнүп, анан дааратканага түшүп кетти.
Бала өлүү төрөлдү окшойт деп ойлоп, үйгө кирип жуундум. Бир канча убакыттан кийин дааратканага коңшулар чогула баштады. Алар ымыркайды алып чыгышты. Төрөттөн кийин шок абалында болгондуктан бул тууралуу эч кимге айтпадым”,- деп айыпталуучу көрсөтмө берген. Бул окуядан кийин күкүк энелер темасы коомчулукта кызуу талкууга алына баштады. Жаш кыздардын мындай кадамдарга барып жатышын түшүнүү менен караган адамдар да чыгууда. Бир чети, кыздарга мындай пас мамиле жасаган эркектерде да айып бар. Бирок, не болбосун, кыздардын коомдо көп орун алып жаткан мындай айбанчылыкка барып жатышын кантип актоого болсун?!
Булак: “Майдан.kg”