www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл башында милиция кызматкерлери менен ырчы Алтынай Жайнакованын чатакташуусу тартылган тасма интернетке тарап, коомчулукка кызуу талкуу жараткан. Окуя учурунда ырчы кыздан таяк жеген милиция кызматкери арыз жазып, Ош облустук соту Жайнакованы 4 жылга шарттуу эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарган. Бул чечимге Алтынайдын пикирин угуп, алдыга койгон максаттарынын айланасында маектештик.

—Алтынай айым, кеп башын бүгүнкү күндөгү жай турмушуңуздан баштасаңыз, учурда эмне менен алексиз?

—Алгач жумурай журтчулугубузду, сиздердин эмгек жамаатты май айындагы майрамдары менен куттуктамакчымын. Баарыңыздарга бардар жашоо каалайм. Бүгүнкү күндө чыгармачылык менен алектенип жатам. Жаңы ырларды жаздырып, изденүүнүн үстүндөмүн.

—Бир катар убакыттан бери чыгармачылыкка аралышып, журналисттик кесип боюнча өзүңүздү сынап жүрсөңүз дагы калың калктын катмарына жыл башындагы милиция кызматкерлери менен болгон чуулгандуу окуядан кийин таанылдыңыз окшойт?

—Туура айтасыз, ырчылык менен алектенип андан сырткары ОшТВ телеканалында жарым жылга чукул эмгектенип өзүмдү теле алып баруучу катары сынап көрдүм. Анткени журналистик кесип кичинемден жүрөгүмө жакын, өзүнө өзгөчө тартып турат. Ал эми жыл башындагы чуулгандуу окуяга токтоло турган болсок, чыгармачыл адам болгондон кийин кара пияр катары кабыл алдым.
Кудайдан ар убак мени чыгармачылык жактан, мейли ырчы, журналист, кино тармагы аркылуу айтор эмне болсом да таанылтып, эл оозуна алынта көр деп тиленээр элем. Сөзүмдөн жаңылып алган окшойм, бала кыял менен тиленген аруу тилегим милиция кызматкерлери менен болгон терс маанайдагы окуя менен орундалыптыр. Бул үчүн албетте өкүнөм.

—Милиция кызматкерлери менен болгон чатакташууңуз соттон сотко өтүп олтуруп, май айынын алгачкы күндөрүндө 4 жылга шарттуу эркиңизден ажыратылдыңыз. Бул чечимге капа болгон жоксузбу?

—Соттун мындай чечими өкүнүчтүү. Негизи мен дагы мени күнөөлөгөн милиция кызматкеринин үстүнөн арыздансам болмок эле. Дегеним жабырлануучу даарыланганыма 30 000 (отуз миң) сом чыгаша кетти деп, аталган сумманы төлөп берүүмдү талап кылган. Ошол учурда жактоочум ооруканадан жабырлануучунун 2800 (эки миң сегиз жүз) сомго гана даарылангандыгы боюнча маалыматты ачыктап чыкты. Мындан улам сураган акчасын төлөп берүүдөн баш тарткам. Менден болжогон сумманы өндүрө албай калган соң сот отурумунда болушунча даттанды. Жыйынтыгында 4 жыл шарттуу эркимден ажыратылдым, бул жылдар аралыгында Кыргызстандын аймагынан башка жакка чыга албайм. Буюрса өлкө ичинде чыгармачылыгымды өркүндөтүп, колдон келген ийгиликтерди жаратам деген ойлорум бар.

—Бул окуяны эне-атаңыз кандай кабыл алышты?

—Эне-атам жашоодогу таянар тоом, көрөөр көзүм, алтынга алмашкыс асылдарым.  Алар ар дайым менин жакшылыктарымды гана көрүүгө милдеттүү деп билем. Чуулгандуу окуя боюнча үстүртөн эле угушту. 4 жылга шарттуу эркимден ажыратылганым боюнча маалыматтары жок. Соттук отурумдарга жакындарымдан эч кимди аралаштырган жокмун. Аларды аяп, жүрөгүн оорутуп алуудан чочуладым.

—Аталган окуянын жүрүшүндө алкоголдук ичимдик ичпегениңизди айткан жериңиз бар. Негизи эле жай турмушта ичимдик уртап-татып коесузбу?
—Жакшы күндөрдө, курбу-курдаштар менен шампан ууртап коем. Бирок, көп эмес.

—Сизди үй-бүлөлүү деп уктум эле?

—Жеке жашоомду коомчулукка жар сала берүүнү эп көрбөйм. Учурда боп-бойдокмун, жигиттер чамдаңыздар демекчимин (күлүп).

—Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

—Кагаз бетине чиймелеп койгон арбын максаттарым бар. Улам биринин үстүнөн эмгектенип атам. Алар жогорку деңгээлде аткарылабы жокбу баары бир кудайдын колунда. Андыктан бир нерсе деп айтуудан алыс болуп турайын. Жакшы жаңылыктарым болсо сиздер менен биринчи бөлүшүүгө даярмын. 

—Маданият өкүлү болгондон кийин той-топурга көп барат эмессиздерби, күйөрмандарыңыз кандай кабыл алышууда?

—Мени тааныган же мен жөнүндө кабардар замандаштар кокустан кезиктирип калышса Алтынай Жайнакова го деген таризде көздөрү менен кыя тиктеп узатып калышат. Айрымдары келип ал-акыбал сурашканча сэлфи да кылып кетишүүдө. Элибиз кең пейил, кечиримдүү калк экенин ушундан билиңиз жалаң куч-кубат берген сөздөрүн айтып, ак тилегин арнашууда. Ал эми той-топурларда баштагыдан да өзгөчө көңүл буруулар болууда (күлүп).

—Жакынкы аралыкта стилиңизди өзгөртүп, жаңы кадам менен иш баштоо ниетиңиз жокпу?

—Стилимди өзгөртүү ойлорум бар. Бул боюнча адистерден кеңеш алып, өзүм дагы изденип жатам. Бирок, ылайыктуу стилимди азырынча таба элекмин. Алдыдагы күндөрдө өз стилимди, чыгармачылыктан ордумду табаарыма толук ишенем.

Булак: «Мантыш»

Последние новости