www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кызыктар көп. Шайлоонун жыйынтыгына нараазы болгондор эки күндөн кийин бийлик талашып, кырды-бычак болду. Баарынан кызыгы өлкөбүзгө таанылуу аты чыккан ырчылар зеригип калганбы айтор, алды “Соке кет”, “Досун саткан” деп кыйкырып жиберсе, патриот деп жүргөн кара тору кызыбыз солкулдап мамлекеттин бүтүндүгүнө нараазы болуп ырдап да жиберди. Эми мындан ары NazarNews агенттиги так ошол саясатка аралашкысы келген ырчыларга көз кырыбызды салууну чечтик.

Анда эмесе алгачкы назар, ырчы Мирбек Атабековдо. Мирбек Атабековду көпчүлүк мыкты ырчы катары жакшы тааныйт. Анын кокусунан эле аянтта эл арасынан чыгып, Атамбаевди жандап, Жээнбеков  “досун саткан” деп сүйлөп салганы калдайган калктын оозун ачырды.

Эми митингден кийин ырчы Атабековдун социалдык баракчасына көз жүгүртөлү да анын даана жүзүн көрөлү!

“Мен бир дагы саясий күчтөрдү колдобойм! Бүгүнкү оор абалда Аллахыбыз баарыбызга ынтымак жана ыйман берсин! Буга чейин Тилек жөнүндө бир да сөз жазган эмесмин жана бул баланы жакшы деле жеке таанбайм! Тилекти, жакшы, же жаман дейбизби, бул инсан биздин кыргыз мекендешибиз жана өз тармагында ак эмгек менен ийгилике жетишендердин бири! Эххх, саясаттын сасык оюндарынан жөн гана курал болду! Тез аранын ичинде сакайып кетишине тилектешмин!" – деп, шилтеме калтырган Мирбек Атабеков.

Мына сага! Мирбек мырза, саясат, “До-ре-ми-фа-соль-ля-си До” эмес, саясаттын сиз көрө элек ноталары толтура... Айрым түлкү саясатчылар алдап ноталарды тескересинен коюп, башкача ырдатып коюшу толук мүмкүн, абайлаңыз...

А баса, жакынкы күндөрү ИИМ аянтта болуп өткөн кагылышуу боюнча Кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандык” (264-берене) беренеси менен кылмыш иши козгосо керек. Андыктан митингге катышкандардын үйүнө мындан ары тынымсыз кызыл шапкечендер барып, алакандай барак сунуп турчу күндөргө аз калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости