www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Самара Каримова нааразычылыктардан улам директорлук кызматтан баш тарткан Оштогу музыкалык окуу жайга жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына бүгүн, 27-январда Ильязбек Ташболот уулу 3 айлык сыноо мөөнөтү менен директор болуп дайындалды. Ал музыкалык билимге ээ, буга чейин аталган окуу жайда эмгектенип келген.

«Жаңы директорду окуу жайдын эмгек жамаатына министрдин орун басары Илязбек Балташев тааныштырды», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Самара Каримова аталган музыкалык окуу жайга 2018-жылы директор болуп дайындалып, эки күндөн кийин, ошол кездеги Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен иштен алынган.Каримова бул чечим үчүн министрликти сотко берип, утуп алган. 14-январда Самара Каримова кызматка киришүү үчүн музыкалык мектепке келген, бирок эмгек жамааты ага каршы чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости