www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаардык сотунун чечими менен белгилүү ырчы жана куудул Жеңишбек Айтиев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) менен төрт жылга эркинен ажыратылды. Акырында ага карата 63-берене колдонулуп, 1 жылдык сынак мөөнөтү менен шарттуу соттолду.
Ырчы Жеңишбек Айтиев камакка алынган жок. Бирок, өкүм 2018-жылдын 12-январынан күчүнө кирди.
Эске салчу жагдай: Жеңишбек Айтиев 12 жаштагы уулу Туратбекти өлтүргөн кылмышкердин атасы менен чырдашып, ачуу үстүндө ага бычак шилтеген. Ашкана бычагы кылмышкердин атасынын колуна сайылган эле. Кийинчерээк Жеңишбек Айтиев сот өкүмү туурасында пикирин билдирип, жабыркаган киши атайын аны шантаж кылгандыгын баса айткан.
– Дагыле күйүттүн үстүндө олтурам. Алар үйүмө утуру кечирим сурап келе беришти. Буларды көргөн сайын балдарым ыйлайт, жүрөгүм дагы ооручу. Ошол күнү дагы аларды катуу эскертип, “үйүмдөн чыгып кеткиле!”- дегемин. А түгүл кайра келбеси үчүн бычак менен деле коркуткам. Ал кокусунан колуна тийип, териси бир аз тилинип гана кетиптир. Соттун өкүмү боюнча даттанбайм. Эгер мен ал кишинин ордунда болгондо бир колумду кесип салса дагы унчукпас элем. Ал атайын мага жабышып, шантаж кылып жатат. Үйүнүн терезелерин өзү сындырып, ага дагы мени айыптап атат,- деп чырылдады ырчы Жеңишбек Айтиев.
Баса, 2016-жылдын 21-октябрында саат 12:30 чамасында Ош шаарындагы Гастелло көчөсүнүн №1 “Б” дарегиндеги үйүнүн алдынан 2004-жылы туулган Туратбек Айтиевдин сөөгү табылган. Маркум өспүрүмдүн көкүрөгүндө жана моюнунда бычактын бир нече изи болгон. Анын өлүмүнө шектелип кошунасы А.Н. кармалган. Туратбектин артында эки иниси жана жалгыз карындашы калышты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Булак: "Майдан.kg"