www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юрист, бизнеследи, кино жаратуучу, Ырыс Жоомартова Инстаграммдагы өзүнүн жеке баракчасына жаңы билдирүү жазып чыкты

“Хайп – бул тамаша иретинде ашыкча мактануу. Supertv менен биргеликте тартылган, Гүлжайна менен сүйлөшүлүп, ортодон чогуу бир хайп жараталы деген “Кнопка” аттуу хайпыбыз интернетти жарды. Хайптын катуу жарылганына – менин актёрдук чеберчилигимдин ролу чоң. Негизи эле интернетке көп кирбейм, съёмкада жүргүзөбүз. Достордон кайра-кайра чалуулар келип, “Ырыс, видеону тез арада алдырып сал, комментарийлер катуу келип баштады” деп жатышты. Бирок, съёмка учурунда тажатып чалып башташканынан “тамаша” видео экенин айтып, телефонду таптакыр очуруп салдым, себеби съёмка учурунда алаксыбашым керек эле. Хайп катуу кетти, жакшы жазгандарга да, жаман жазгандарга да ыраазымын, хайп экени 5 жашар балага да түшүнүктүү, калп эле түшүнбөймгө салгандарга да ырахмат, комедия тарткан режиссёр жана актриса экенимди билесиңер, билсеңер да-билмексенге салганынарга да рахмат. Толтура телеканалдардан, радиолордон, газеталардан интервьюларга чакыруулар келип баштады. Съёмкада жүргөндүктөн бошогон жокмун, бардыгына “баш тартууга” туура келди. Андан соң, айла таппай “Ырыс Жоомартова стресс болуп жатат” деп да чыгарып жиберишти. Ютубда жайнаган мени “ичкич” кылган видеолор да тараптыр. Ырахмат, ким чыгарса да бактылуу болсун. Менин ичпесимди досторум, жакындарым билет. Менин күчтүүлүгүмдү, иштермандыгымды, ак көңүлдүгүмдү, арак жана тамеки деген нерселер менен достошпогонумду жакындан тааныган жакшыларым билет. Кыскасы аягы тамашага айланган, “кнопка” аттуу тамаша-хайп толгон-токой тамаша видеолорду артынан ээрчитип келип, элимдин көңүлүн көтөргөн, аз убакыт болсо да элимди “коронавирус” каракчысынан алаксыткан “Кнопка” хайпы жашасын демекчимин. Кнопкадан мурда кыргызымды Жартаканым жаман оорудан алыс кылсын, башкысы элим аман болсун”.

Эске сала кетсек, Ырыс Жоомартованын "Куудул  Гүлжайна Атаканова айдап жүргөн унааны 7 жыл мурун айдап койгом" деген видеосу коомчулукта катуу талкууга түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости