www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги журналист Ырысбек Өмүрзаков менен коронавирустун тегерегинде айтылган сөздөр боюнча баарлаштык.

--Ырысбек агай, коронавирус менен күрөшкөнүбүздөн майнап чыгып жатабы?

--Короновирус менен күрөшүнүн натыйжасын уга баштадык го. Ар бир оорулуга 3000 доллар сарпталат экен, деп. Демек, коронавирус менен күрөш кыргызча бизнес болуп калды окшойт. Деги эле – короновирус менен катуу ооруп жаткан адамды ким көрдү? Жалаң гана айыгып чыкты, деген телекөрсөтүлөр жана кыргыз космоско барып келгендей, ооруканадан чыкканды алакан чаап, чыгарганды көрсөтүшөт. Дүйнө жүзү: Коронавирус деген эмне? – деген суроого жооп таба албай жататса, бизде “ОРВИнин бир түрү...”, - деген кептер кеңири тарап кетти.

--Медиктердин бул илдетке кабылып калганына ким күнөөлүү?

--Бул суроого бир эмес, үч жоопту  айтса болот. Биринчиси, башынан баштап медиктерди медициналык костюмдар менен камсыз кылбай, врачтарды ооруларга “жайдак” киргизген бийлик күнөөлүү; Экинчиси, оору 65 жаштан ашкан адамдарга гана жугат экен, деп информация бергендер жоопту; Үчүнчүдөн, 100 миң сомдон төлөп беребиз дегенде, түштүккө барып да , маскаларын мойнуна түшүрүп алып, эч кенебестен ооруну жуктургандар күнөлүү. Алар деле айла жоктуктан ага барышты. Бирок, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, андайлар көп болгон эмес.

--Коронавирусту жашырып, бир канча адамга жуктурду деп кылмыш ишин козгоо туурабы?

--Бул суроого жооп өзү эле көрүнүп турат. Андайларды жазалабаса, анда бийликтин талабын жана буйругун аткарган деп эсептегенге жол ачылат. Мен дагы бир суроого жооп издейт элем. Коронавирус менен күрөшүгө баш аягы 600 миллион доллардан ашык жардам келген экен. Ал акчаларды каякка жоготкону турушат, элди чочкого мингизген, атка минерлер?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости