www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата районунда 16 жаштагы кыз телефон кубаттагычты пайдаланып, өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

16 жаштагы кыз Чүй облустук ооруканасына жаткырылды. Анын мойнунда муунтуу белгилери болгон деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын 16 жаштагы тургуну Б.М., уюлдук телефондун зарядын алып, өз жанын кыюуга аракет кылган. Бирок аны өз убагында байкап, ооруканага жаткырышкан.

Эскерте  кетсек, 2020-жылы 26-августта Ысык-Ата районунда 12 жаштагы өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Ал эми ушул эле 2020-жылы 11-апрелде, Ысык-Ата районундагы дагы бир 16 жаштагы кыз өз үйүнүн дааратканасында өз жанын кыюуга аракет кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости