www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кай жериң ооруса, жаның ошол жерде" - деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Бирок, баардык илдетти алдын алууга неге болбосун. Дарыгер дарылайт деп эмес, өзүбүз алдын ала сактаналы. Соңку учурларда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, ар бир секунд сайын дүйнөдө бир адам кургак учук оорусун жуктуруп алат. Ал эми, ар бир 20 секундда жер жүзүндө кургак учуктан бир адам көз жумат. Жылына бул дарттан 600гө жакын киши каза табат.
Кыргызстандын ичинен, Ысык-Көл районунда салыштырмалуу 2015-жылда баардыгы 36 адам катталса 2016-жылга карай 6 адамга өскөнү байкалат. 2017-жылдын эки ай ичинде 5 адам катталды. ЫРОАА ж/а МСЭКБ-на кургак учук боюнча келип түшкөн ар бир тез ара билдирүүлөргө өз убагында райондук эпидемиолог, райондук фтизиатр жана жергиликтүү өз аймактагы ҮДТ-нун дарыгери менен биргеликте катталган кургак учук очокторго барып тергөө, күндөлүк санитардык алдын алуу, маалымдоо ж.б. кургак учук оорусунун тарап кетпөөсүнө карата иштери аткарылып келинет.
Кургак учук оорусу - жаратылышта жугуштуу оорулар менен катар социалдык ооруларга да кирет. Ошондуктан, кургак учук оорусу менен ооругандар социалдык-экономикасы төмөн, өрчүп келе жаткан жумушсуздук, миграция көрүнүштөрү көп өлкөлөрдө кездешет. Ага Индия, Кытай, Орто Азия өлкөлөрү кирет. Кургак учук менен ооруп калгандардын санын азайтуу жаатында ак халатчандар көптөгөн иштерди жасап жатышат.
Кургак учук - жугуштуу дарт. Ал көбүнчө какырык менен кургак учуктун микробактериясын бөлүп чыгарган сыркоо адамдан жугат. Башка микробдордон айырмаланып, кургак учуктун микробактериясы өзгөчө сакталуу касиетине ээ. Кургак учук таякчалары 3 айга чейин кургакчылыкта -26 градус С ге чейин муздаткычта, спиртке да өлбөй туруштук беришет. Түз тийген күндүн нурунда жарым саатка чейин жашашат. Бул микробдун мындай өзгөчөлүктөрү кургак учук оорусунун канчалык коркунучтуу экенин, аны менен күрөшүү канчалык кыйынчылыкты туудурганын ачык-айкын далилдейт.
Кургак учукту козгогучтардын бир нече түрү (кишиники, бодо малдыкы жана канаттуулардыкы ж. б.) белгилүү. Адамдар негизинен кишинин кургак учугу менен оорушат, бирок кээде бодо малдын кургак учугу менен да жабыркашы мүмкүн.
Кургак учуктун белгилери:
- Жалпы алсыздык жана тез чарчоо;
- Табиттин (аппетит) жана салмактын төмөндөшү;
- Чыйрыгуу;
- Түнкүсүн тердөө;
Бул белгилердин бирөөсүн байкасаңыз, токтоосуз өзүңүздүн үй-бүлөлүк дарыгериңизге медициналык жардамга кайрылыңыз! Дарыгер өпкөдө кургак учуктун болушуна күмөн санаса, анда оорулуудан какырык анализин алат.
Кургак учукту толугу менен айыктырууга болот, эгер сиз:
Дарыгер-фтизиатрдын айтуусу менен канчалык эрте дарылана баштасаңыз;
Дарыларды үзгүлтүксүз толук айыккыча ичсеңиз. Кургак учукка каршы дарылоо 4-5 түрдүү дарыны 2-3 ай ооруканада ичүү менен, андан кийин 4-5 ай жашаган жериңиздеги медициналык мекемеде медицина кызматкеринин түз кароосунда жүргүзүлөт.
Негизинен кургак учук оорусу өпкөсү ооруган киши жөтөлүп, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө, какырык менен шилекейинде кохтун таякчаларын бөлүп чыгаруу менен таралат. Бул жерде эл арасында айтылып келген “ачык туберкулёз” деген түшүнүктү айтып кетүү зарыл. Мындай оорулар менен чогуу жүргөн, бирге жашаган, көп убакыт бирге байланышта болгон кишилер ушул ооруга чалдыгышы мүмкүн.
Ачык түрүндөгү өпкө кургак учугу менен дарыланбай жүргөн оорулуу киши бир жылда 10-15 кишиге жуктурушу мүмкүн. Кургак учук таякчалары организмине кирген кишилердин баарысы эле ооруй бербейт. Оору өөрчүп, белгилери пайда болуш үчүн белгилүү шарттар керек. Ден соолугу таза кишиде белгилүү деңгээлде иммунитети болот, микробдор, вирустар жана башка ооруну чакыруучу агенттер менен күрөшүү механизмдери иштейт. Анын төмөндөп кетүүсүн, башка жугуштуу оорулар, кокустук жарат алгандар, жашоо шарты начар, тамак-аш сапаты төмөн, белок, витаминдер жетишпеген балдар, аялдар арасында төрөттөн, аборттон кийинки мезгилдер алып келет.
Кургак учук 90 %га чейин аба аркылуу жугат. Ошондуктан чаңдан, турмуш эмеректеринен жана тамак-аш аркылуу жугушу мүмкүн.
Сиздин организмдин коргоо күчтөрү сизди кургак учуктан сактай алат.
Ал үчүн сиз:
· Таза абада көбүрөөк болуңуз;
· Гимнастика менен машыгыңыз;
· Тамеки, алкоголдук ичимдиктер жана баңги заттардан алыс болуңуз.
Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе
Оорулуу жана аны курчап тургандар үчүн өздүк жана жалпы гигиенаны сакташы зарыл. Буларга көрүнгөн жерге какырып, түкүрбөө, эл арасында, транспортто жөтөлгөндө оорулуу мурдун бет аарчы менен тосуу, үй-бүлөдө оорулууну өзүнчө бөлмөгө бөлүп, идиш-аяктарын 2% сода эритмесинде кайнатып тазалоо, бөлмөлөрдү шамалдатуу, төшөнчү, жаздыктарды күнгө жаюу, убагында эс алып, тамеки тартпай, спирт ичимдиктеринен алыс болуусу шарт.
Кургак учуктун өнүгүү коркунучунун бири - ооруган адамдын тамеки тартуусу, ал эми кургак учуктун айыгуусунун эң мыкты ыкмасы - тамеки тартуудан баш тартуу. Ал өз убагында кургак учук менен оору коркунучун азайтат. Андыктан жарандарга тамеки тартууну таштоонун 10 пайдасын сунуштайбыз.
Тамекини таштоонун 10 пайдасы:
1. Сиз узак жана жакшы жашайсыз. Тамеки тарткандардын жашоо узактыгы орточо 7 жылга кыскарат. Тамеки тартуу сиздин турмушуңуздун сапатына таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгер адамда өпкөнүн өнөкөт оорусу бар болсо, анда анын турмушун жеңил жана жагымдуу дешке болбойт.
2. Сиз жеңил дем аласыз жана сиз аз жөтөлөсүз. Эгер сиз тамеки тартууну таштасаңыз, кыймылдуу жана чыдамкайлуу болосуз.
3. Сизде эрекцияга байланыштуу проблема болбойт. Тамеки тартуу, эрендикти кан менен камсыз кылууну кошкондо, сиздин кан тамырыңызга терс таасир этиши мүмкүн.
4. Бир жыл аралыгында сизде инфаркт болуу коркунучу жарым-жартылай азаят. Ал эми беш жылдан кийин сиздин коркунуч эч качан тамеки тартпаган адамдардыкындай болот.
5. Сизде өпкө рагы, ооз көңдөйү, кекиртек рагы, тишиңиздин жана бүйлөңүздүн оорусунун пайда болуу коркунучу азаят. Эгер сизде астма оорусу болсо, астма пристубу аз кармайт.
6. Сиз үшүп, суук тийип калуудан жана сасык тумоодон, өпкөнүн рагынынан оолак болосуз.
7. Сиз балдарыңызга жана неберелериңизге жакшы үлгү көрсөтө аласыз.
8. Сиз иште жана коомдук жерде тамеки тартуу үчүн орун издегенди токтотосуз, ошондой эле тамеки тартуу таасиринин башка булактарына туш болбойсуз.
9. Сизде жагымдуу жылмаюу болот, сиз татымды жана жытты сезе аласыз жана жүзүңүздө көп бырыш түшпөйт.
10. Сиз акчаңызды үнөмдөйсүз, себеби сиз тамеки сатып албайсыз жана тамекинин түтүнүнүн таасиринен улам пайда болуучу оорулардан дарыланууга акча коротпойсуз.
Кургак учуктан сактаныш, аны көзөмөлгө алуу, эл ичинде азайтуу бир гана дарыгерлердин иши эмес, ал жалпы коомдун иши.
Жазгуль Урмамбетова, NazarNews.kg
Ысык-Көл облусу