www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каражатты рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу чечими кабыл алынды.
Президенттин маалымат кызматынын кабарлаганына караганда аталган мейманканага эч ким инвестиция салбагандыктан, ал бузулуп жатканын айтылган.
"Ысык-Көл" мейманканасы 1984-жылы курулуп, 2007-жылдан тарта колдонулбай калган. Имаратты сактап калуу жана эл аралык талаптарга жооп берген заманбап мейманкана катары иштетүү үчүн толук реконструкциялоо максатында бир нече жыл бою көптөгөн инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Ошондой эле ири мейманкана түйүндөрүнө дагы инвестициялоо сунушталган. Бирок эч ким инвестиция салууну каалаган эмес. Натыйжада 13-14 жыл мейманкана колдонулбай, акырындап бузула берген", — деп айтылат маалыматта.
Иш башкармалык мамлекеттик мекемелердин дээрлик бардыгы эски экенин эске салып, ал жерге мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу чечими кабыл алынганын белгиледи.
"Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары мамлекеттик маанидеги бир дагы административдик имарат курулган эмес. Каражатты рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу чечими кабыл алынды. Учурда анын максаттуулугу боюнча маселе каралууда", — деп айтылат билдирмеде.
Мейманкананы "Кыргызстройсервис"мамлекеттик ишканасы бузуп жатканы айтылып, курулуш иштерин президентинин иш башкармалыгына караштуу жаңы түзүлгөн Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жүргүзө турганы кошумчаланды.
Булак: NazarNews.kg