www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маалыматка ылайык, "Турмуш" маалымат агенттиги "Садыр Жапаровду колдоо штабы" менен айып пул сактоочу жай коңшулаш жайгашкан жерде табышмактуу окуя тууралуу жазып чыккан. Бул окуяны такташ үчүн NazarNews маалымат агенттиги Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгына кайрылды.
"Учурда "АКИpress", "Турмуш" басылмасына чыккан бул маалымат тактала элек. Анткени, кабарчыга окуяны баяндап берген адам ачык-айкын түшүндүрө алган эмес. Түп райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул окуя текшерилип жатат. Алгачкы текшерүүдө эч ким арыз менен кайрылганбагандыгы такталды. Окуя тууралуу 3 адам соттук экспертизадан баш тартышкан. 1974-жылы туулаган Рыспек ( аты өзгөртүлдү Б. Р.) жарандын курсагына сайылган отвертканын тагы жок болуп чыккан"-, деди Сталбек Усубаканов.
Ал эми аталган такталбаган окуя толугу менен төмөндөгү текстте:
"18-февраль күнү болжол менен 20:00 чамасында Арман өзүнүн иш бөлмөсүндө отурган. Ошол учурда ага 1974-жылы туулган айылдашы Рыспек (аты өзгөртүлдү, Б.Р.) келген. Армандын айтымында, Рыспек кызуу абалында келген. Анан алар спирт ичимдигин ичип башташкан. Бир нече убакыттан кийин аларга 1974-жылы туулган Мирбек (аты өзгөртүлдү, Т.М.) аттуу айылдашы да аларга мас абалында келип, үчөө спирт ичимдигин ичүүнү улантышкан.Түп айылындагы Манас көчөсүндө "Садыр Жапаровду колдоо штабы" менен айып пул сактоочу жай коңшулаш жайгашкан. Айып пул сактоочу жайында иштеген 1986-жылы туулган Арман (аты өзгөртүлдү, А.С.) айрым маалыматтарга караганда, айылдагы "Садыр Жапаровду колдоо штабынын" жетекчисинин милдетин дагы аткарат.
Армандын айтымында, бир канча убакыт өткөндөн кийин Мирбек ага Рыспекти отвёртка менен сайып салганын айткан. Арман тактап сураганда Мирбек Рыспектин курсагына 4 жолу отвёртка менен сайганын билдирген. Андан соң экөө ооруканага барышкан. Мирбек болуп өткөн окуяны барына телефон аркылуу Рыспекти отвёртка менен сайып салганын айтып баштаган. Алар Рыспекти ооруканадан таппай, үйлөрүнө кетишкен.
Болуп өткөн окуядан соң, кайрадан эртеси күнү дагы Арман, Мирбек, Рыспек жолугушат. Бирок, Рыспекке отвёртка курсагына сайылбаганы аныкталган.
Ошол учурда, Мирбек эмне себептен отвёртка тууралуу айтып жатканын түшүнгөн эмес. Окуя болгон күнү аябай мас болушканын мойнуна алган.
Рыспектин айтуусу боюнча окуя болгон түнү саат 1:00 чамасында үйүнө кетип калган.
Түп райондук Ички иштер башкармалыгы аталган окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп жазылган "Турмуш" маалымат агенттигине.
Булак: NazarNews.kg