www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда сел жүрүп, асфальт жолду жууп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облус боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Замир Жумагазиев билдирди.

Маалыматка ылайык, кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 60-70-чакырым аралыктарын (Кызыл-Туу айылы) суу жууп кум шагылдарга толтурган.

"Унаа жол №33 Жол тейлөө ишканасынын балансында, учурда техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө. Жерине Тоң райондук №38 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн ыкчам топ, №33 ЖТИден 1 грейдер, Күн-Чыгыш а/а. 1 экскаватор тартылган. Учурда унаалар үчүн жол ачылды", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости