www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карантиндик жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында, Ысык-Көл ОИИБи боюнча ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлердин күч жана каражаттарынын дислокациясы түзүлүп, ӨКМ, медицина, шаар райондук мамлекеттик администрациалардын кызматкерлеринен жана ыктыярдуу кошуундардан турган облус боюнча баардыгы 19 даана күнү-түнү менен иштеген карантиндик санитардык посттор уюштурулуп, ЖККК бөлүмүнөн кызматкери, күнү- түнү менен посттордо кызмат өтөөдө. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Мындан сырткары, шаар райондордогу эл көп чогулган аймактарда атайын фильтрациондук  жана жылып жүрүүчү посттор уюштурулуп, жергиликтүү тургундарга жугуштуу оорулардын алдын алуу багытындагы тишелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Кыргыз Республикасынын айрым аймагына “Өзгөчө кырдаал” тартиби киргизилгендигине байланыштуу жарандардын күнүмдүк керектөөсүн, өмүрүн жана саламаттыгын камсыз кылуу максатында облустун аймагында коюлган посттордо азык-түлүк, курулуш материалдарды жана башка калктын муктаждыгын жараткан негизги товарларды камсыз кылган оор жүктүү автоунааларды тоскоолдуксуз өткөрүү иштери колго алынган.

Ысык-Көл ОИИБи боюнча ЖКККБнүн карантиндик посттордо кызмат өтөп жаткан кызматкерелерге атайын жугуштуу ооруларга каршы кийимдер камсыздалып, кызмат өтөө учурунда мыйзамдуулукту сактоо, кызматтык тартипти бузбоо, жарандар менен сылык мамиледе болуу, кырдаалга байланыштуу жетекчилик тарабынан берилген тапшырмаларды убагында так аткаруу жана башка ушул сыяктуу нускамалар өткөрүлүп, аткарылыштары жетекчилик курам тарабынан үзгүлтүксүз текшерилүүдө.

Жогоруда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде, тагыраагы 2020-жылдын 22-мартынан 6-апрелге чейинки аралыкта облустун аймагында баардыгы 3 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алган, ал эми жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктары катталган жок. 

Урматуу жол кыймылынын катышуучулары, кырдаалга байланыштуу себеби жок сапарга чыкпагыла, унааларыңыздырдын техникалык жагдайына көңүл бөлгүлө, жол эрежесин так сактагыла. Кырдаалды жеңүүдө сиз үйдөн чыкпай коомго өз салымыңызды кошуңуз", -деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости