www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Ата шаарында «Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары» III Эл аралык Ысык-Көл форуму аяктады.

Талкуунун үч күндүк жыйынтыгы боюнча форумдун катышуучулары мамлекет башчыларына, маданият жана көркөм өнөр ишмерлерине, ошондой эле дүйнөлүк лидерлерге даректелген бирдиктүү кайрылууну кабыл алышты.

Белгилуу болгондой, форум 2018-жылдын 5-октябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда башталган.

Ал эми 6-7-октябрда дискуссиялар Ысык-Көлдүн жээгинде улантылган.

Форумга дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн белгилүү жазуучулар, саясатчылар, илимий изилдөөчүлөр жана көркөм өнөрдүн ишмерлери келишкен. Эл аралык аянтча дүйнөлүк заманбап интеллигенциянын өкүлдөрү баштаган 130дай катышуучунун башын бириктирди.

Ысык-Көлдө коноктор үчүн атайын маданий программа каралган. Чыңгыз Айтматовдун «Ак-Кеме», «Жамиля», «Саманчынын жолу» жана башка чыгармаларынын негизинде спектакльдер коюлду. 

Мындан тышкары теплоход менен эс алуу уюштурулду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости