www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-майда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сары-Камыш айылындагы «Агро-Куш» ири канаттуулар фермасынын ачылышына катышты.

Мамлекет башчысына аталган ишкананын ишмердиги канаттуулар этин өндүрүүгө багытталгандыгын маалымдашты. Долбоор канаттууларды багып-өстүрүп, аларды сойгонго чейинки толук циклди караштырат.

Бүгүнкү күндө жылына 2,5 миллион жумуртка өндүрө турган инкубатор ишке киргизилди. Инкубациядан кийин өстүрүү процесси жүрөт. Ишканада заманбап европалык жабдуулар колдонулат, жаңы тоют заводу курулган, ошондой эле саатына 3 миң канаттууну соё турган касапкана салынган.

Баштапкы этапта ишкананын жалпы кубаттуулугу жылына 8 миң 500 тонна тирүүлөй салмакты түзөт деп күтүлүүдө. Экинчи фазаны ишке ашыруу менен бул көрсөткүчтү жылына 20 миң тоннага чейин жеткирүү пландаштырылууда.

Өлкөдөгү эң ири канаттуулар фабрикасын ишке киргизүү үчүн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 3,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген каражат бөлүнгөн.

Мамлекет башчысы ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоонун жана өнүктүрүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгиледи. Ал бул ишкананын ишке кириши өлкөнүн ички рыногунда өндүрүшкө түрткү болот деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров бул ишкана ички керектөөдөгү экологиялык таза продукцияны камсыздоого шарт түзөрүн канааттануу менен белгиледи.

Ал Министрлер кабинетинин облустагы өкүлүнө канаттуулар фермасында жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле Ысык-Көл облусуна башка өндүрүш ишканаларын ачууга көмөктөшүүнү тапшырды.

Ишкананын эмгек жамааты менен баарлашууда Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү пландаштырылып жаткан социалдык-экономикалык реформаларга, анын ичинде өлкөнүн бардык аймактарынын тургундарынын жеңилдетилген ипотекалык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү маселелерине токтолду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости