Ысык-Көлдө милиция кармаган журналисттин бөгөт чарасы каралды
Кылмыш жана кырсык  |   |  1238

1-августта опузалап акча талап кылууга шектүү катары кармалган журналист Асылбек Бектенов (Асылбек Абдрахман) бир айга үй камагына алынды. Журналисттин бөгөт чарасын Каракол шаардык соту карады. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Прокуратура бир айга камакка алуу боюнча өтүнүч келтирген. 

Буга чейин Ысык-Көл облустук милициясы кармалган журналист расмий эч жерде иштебей турганын жана опузалап акча талап кылууга шектүү катары 48 саатка камакка алынганын билдирган. Милициянын 31-июлдагы билдирүүсүндө, журналист Асылбек Бектенов (Асылбек Абдрахман) жергиликтүү тургундун арызынын негизинде кармалганы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями