www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга жер тилкеси берилген эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга турак жай же жер тилкелери кезексиз жана артыкчылыктуу тартипте берилет.

“Бирок Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын Ч.Ж. аттуу (2-топтогу майып) тургуну турак жайга же жер тилкеге ээ болгон эмес. Анын укуктарын коргоо максатында Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук акты киргизилген”, - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги токтомунун негизинде Ч.Ж. аттуу жаранга турак жай куруу үчүн 0.10 га жер участогу бөлүнүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости