www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египетте поезд аңтарылып 11 адам каза болду

Египетте жүргүнчүлөрдү ташыган поезд кырсыкка кабылып, каза болгондордун саны 11ге, жаракат алгандардын саны 98ге жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 18-апрелде орун алган. Поезд Мансур шаарынан борбор калаа Каир шаарына бара жаткан. Кальюбия провинциясына жеткенде рельстен чыгып кетип аңтарылып калган.

"Президент Абдель Фаттах ас-Сиси кырсыктын келип чыгышын тез арада иликтеп, жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына компенсация төлөп берүү тапшырмасын берди", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости