www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун аймагында 14-февралдан тартып 18-февралга чейин жол кырсыктарын алдын алуу жана аларга жол бербөө максатында «Рулдамын» рейди кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, рейддин негизги максаты облус аймагында болуп жаткан жол кырсыктарын алдын алуу, болтурбоо, коомдук жайларда жарандардын жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу. «Аталган рейддик иш-чаранын алкагында облус аймагында жалпысынан жол эрежесин бузган 400дөн ашык фактылар аныкталып, анын ичинен мас абалда автоунаа башкарган 20 айдоочу аныкталган. 25 автоунаа атайын айып пул төлөнүүчү аянтчаларга токтотулду», - деп айтылат маалыматта. Ошондой эле, Ысык-Көл облустук ЖКККБнын кызматкерлери айдоочулар менен тушүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол эрежелерин сактап жол кырсыктарынан тышкары болуусун айтышты. Булак: NazarNews.kg

Последние новости