www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө 2-июнда болгон жол кырсыгы боюнча "Жол коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу" беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Кырсыкта бир киши - "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова каза таап, айдоочуну кошкондо эки адам жараат алган. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
Авария Ысык-Көл облусунун Чок-Тал аймагында болгон. Сания Шакирова жана анын жигити түшкөн таксинин айдоочусу автоунааны башкара албай жол четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөн.
30 жаштагы Сания Шакирова Вьетнамда өткөн Miss Universe Beauty-2018 сынагына катышып, "Дүйнөнүн сулуу айымы" аталган. Ал эми "Дүйнөнүн эң сулуу айымы" титулун орусиялык катышуучу алган.
Саниянын артында үч баласы калды.
Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери 183 адам жол кырсыктарында каза тапты. Кыргызстан авария көп болгон мамлекеттердин бири. Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы 6 346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп.
Булак: NazarNews.kg